ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-майы № 20/4
Малдын көчүп конуусу, баданын уюштурулушу, корук маселелери жөнүндө
Малдарды алыскы жайыттарга көчүрүү, баданы кайтарууну көзөмөлдөп корук коруп, малдарды тартипке келтирүү максатында Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүп алыскы жайыттарга 1-июнь 2015-жылдан калтырбай көчүрүү жайыт комитетинин төрагасы Н Асанакуновко, ветеринардык жактан тейлөө боюнча башкы адис Ү.Маамытовко милдеттендирилсин.
2. Баданын кайтарылышын, коруктун корулушун көзөмөлдөп туруу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси А. Чукулуковко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Молоев |