Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 17/1
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кещештин 2015-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | 2014-жылга карата айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 | Айыл өкмөттүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жыл үчүн бюджетти бекитүү | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жамашев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 | Айылда жазгы айдап-себүү, жана сугат иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев, райондук суу чарба башк-н башчысы Турсунаалы уулу Азат |
5 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо), «Береке» базарындагы көчөлөрдө, тротуарларда жайгашкан соода-сатык жүргүзгөндөрдү ирээтке келтирүү жана көчүрүү боюнча иш чаралар. Базарларда,соода түйүндөрдө, коомдук тамактанчу жайларда санитардык нормалардын сакталышы боюнча СЭСтин маалыматыттары жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери Асанкул уулу Рахат, Д. Сулайманов, туруктуу комиссиянын төрагасы И.Бейшеналиев,СЭСтин башкы дарыгери Ж.Токтобекова,райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов |
6 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары, «көрктүү аймак» ишканасы |
7
| Айылдын социалдык маданий иштеринин абалы жана айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Курмангалиев
|
8 | 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
9 | Жер бөлүштүрүү,айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы, көчүп конуу жана жайыттардын абалы жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев |
10
| Айылда күзгү оруп-жыйуунун жыйынтыгы жөнүндө
| 4-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев,жайыт комитетинин башчысы |
11 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын,айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары,туруктуу комиссиянынын төрагасы Ж. Курмангалиев |
12 | Мыйзамдуулук, укук тартибин чыщдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө | 4-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Койчуманов |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Т.Иманбердиева |