Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 17/3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата 2 223 923,71 сом калдык жана атайын эсебиндеги 254 704,21 сом акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2015-жылга карата 2223923 сом 71 тый. калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык Кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 788 000 сом;
2) 2015-жылдын 1-жарым жылдыгындагы майрамдарга жана даталуу күндөргө байланышкан майрамдык жана спорттук иш чараларды каржылоого 256 000 сом;
3) Электр энергия үчүн 300 000 сом;
4) Күйүүчү-майлоочу майларга 25 000
5) Ит атууга 40 000 сом;
6) Квартира алууга 350 000 сом;
7) Типографияга ; 20 000 сом
8) Прессага 30 000 сом;
9) Ар кандай чыгымдарга 50 000 сом ; 23,71сом
10) Депутаттык бөлмө жасалгалоого 10 000 сом;
11) Аялдар кещешине (ар кандай иш чара өткөрүүгө) 20 000сом
12) Асылзат зирек бала бакчасына(семинар өткөрүүгө,принтерге )25 00 0сом;
13) Мечитке (эл.энергияга) 30 000 сом;
14) Канц.товарларга 20 000 сом;
15) Муниципалдык ишканага 226 900 сом;
16) К.Мамбеталиев мектебине ( насос) 33 000 сом
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги атайын каражат боюнча 01.01.2015-жылга калган калдыгы 254 704 сом 21 тыйын төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
17) Башкаруу аппаратына 1500 сом ар кандай чыгымдар
18) Бала бакчаларга 253 204 сом 21 тый. тамак-аш чыгымдарына;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |