Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 13
2016-жылда аткарылган жумуштардын архитектуралык кызмат акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
2016-жылда аткарылган жумуштардын архитектуралык кызмат акысы үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылда аткарылган жумуштардын архитектуралык кызмат акысы үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 170 000 (бир жүз жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |