Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 18/1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 30 860 500 (отуз миллион сегиз жүз алтымыш миң беш жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 28 636 600 (жыйырма сегиз миллион алты жүз отуз алты миң алты жүз) сомго бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |