Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 18/2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылга карата долбоору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунуштарын, Ат-Башы айыл аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка мекеме, уюмдардын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар -19 942 700( он тогуз миллион тогуз жүз кырк эки мищ жети жүз) сом;
Теңдештирилген грант –3 415 100 ( үч миллион төрт жүз он беш мищ бир жүз) сом.
Баардыгы:- 23 357 800(жыйырма үч миллион үч жүз элүү жети мищ сегиз жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
Башкаруу аппараты –16 268 100(он алты миллион эки жүз алтымыш сегиз мищ бир жүз) сом;
Мектептер –4 100 100( төрт миллион бир жүз мищ бир жүз) сом;
Бала бакчалар –2 989 600( эки миллион тогуз жүз сексен тогуз мищ алты жүз ) сом.
Баардыгы: 23 357 800 ( жыйырма үч миллион үч жүз элүү жети мищ сегиз жүз) сом.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К.Айдыралиев |