Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 18/3
Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин директору А.Молдалиеванын 2015-жыл 12-мартындагы № 37 кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын «Кочкорбаев Туюкбай атындагы спорт аянтчасы» деп атоого жана спорт аянтчасынын кире беришине «Арка» курууга акча каражатын сурап жазган аталган мектеп директору А.Молдалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына, көп жылдар бою дене тарбия сабагынын мугалими болуп эмгектенген «КыргызССРнин эмгек сиңирген мугалими», ардактуу эс алуудагы Кочкорбаев Туюкбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасы «Кочкорбаев Туюкбай атындагы спорт аянтчасы» деп аталсын.
3. Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин «Кочкорбаев Туюкбай атындагы спорт аянтчасынын» кире бериш жерине «Арка» куруу үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 80 миң (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын өз убагында которуп, камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |