Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 19/3
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ж. Жумаковдун арызы жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Т. Жумаковдун 03.04.2015-жылдагы жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 24-статьясынын 2-пунктуна, КРнын «Жергиликтүү кещештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Жумаков Жаныбек Темирбековичтин өзүнүн арызына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ат-Башы айылдык Кеңешине кийинки депутатты аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |