Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 1
Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтү «АРИС» программасы менен бирдикте парк уюштуруу жөнүндө
Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтү «АРИС» программасы менен парк уюштуруу үчүн Эмгекчил айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конушунан 205-контуруда жайгашкан административдик конторанын аймагынан 4,0 гектар, калктуу конуштан 62-контурда жайгашкан кампанын астынан 1,0 гектар, жайыт жер аянтынан 1366- контурда жайгашкан Боронбай-Ата жаштар паркынан 1,0 гектар жогоруда көрсөтүлгөн аянтарга «АРИС» программасы менен бирдикте тал-терек олтургузуп парк уюштурулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкүмөтүнүн башчысы Э. Кылжыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Мусаев |