Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 3
Эмгекчил айылынын Кара-Бүк өрөөнүнөн «Аргымак секьюрити» жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензияларда каралганмөөнөткө чейин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2014-жылдын 8-декабрында «Аргымак секьюрити» жоопкерчилиги чектелген коомуна 3780 ТР, 3781 ТР жана 3782 ТР «Геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берүү лицензиясынын» негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 9-стаьясынын 1-пунктун жетекчиликке алуу боюнча угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын Кара-Бүк өрөөнүнөн «Аргымак секьюрити» жоопкерчилиги чектелген коомуна жогоруда көрсөтүлгөн лицензиялык аянттарга, лицензияларда каралган мөөнөткө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Мусаев |