Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 4
Эмгекчил айылынын тургуну Абдылдаева Айгүл Айдарбековнанын арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өскөнбаев жогорудагы арыз менен тааныштыргандан кийин угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арыз ээси Абдылдаева Айгүл Айдарбековнанын арызы канааттандырылып көп жылдан бери жашап келген эски контордун өзү жашап турган турак жайы жана турак жайга тиешелүү_______ жер аянты жеке менчигине бөлүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адис Н.Максымбаевке милдеттендирилсин.
3. Бекитилген жер аянтын ордунда чектеп укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдап мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан суралсын.
Төрага | Н.Мусаев |