Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 4
Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Эмгекчил айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgekchil.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Мусаев |