Редакцияот 678590
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V чакырылышынын  кезектеги  XXIII сессиясынын    

   

                                                                            

2015-жылдын 25-февралы № 23/5

                  

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Орток  айылындагы  жаңы салынган “Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү 9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин, Орток айылын негизги чоң жол менен бириктирүүчү жаңы салынган “ Мойнок-Орток” жолун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү  9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-июнь 2014-жылдагы №18/3 токтомундагы  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылына жаңы салынган 2,5( эки  жарым) километр дегендин ордуна 4,5( төрт жарым) километр “ Мойнок-Орток” жолу  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүлсүн деп окулсун.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.

 

 

     Төрага

Т.Курткаев