Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 23/7
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Мантыш айылындагы базарды ижарага берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Мантыш айылындагы базарды ижарага берүү тууралуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын №31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Мантыш айылындагы(мурдагы “Коммунизм” совхозунун МТП гаражы) базары Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарына ижарага берилсин.
2. Ижарага берүү конкурстук негизде жүргүзүлсүн.
3. Ижарага алган жарандар келишимдин негизинде айыл өкмөтүнө ижара акы төлөшсүн жана ижара акысынан сырткары базардын ичин талапка ылайык оңдоо иштерин жүргүзүшсүн.
4. Ижара акысы жана мөөнөтү Кара-Суу айыл өкмөтү жана ижарага алуучу жарандар ортосунда келишим түзүүнүн негизинде аныкталсын.
5. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси К.Темиралиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Төрага | Т.Курткаев |