Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 24/5
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды көзөмөлдөө жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда таштандыларды айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген жер аянттарына таштоо жагы айыл тургундарына түшүндүрүлсүн.
2. Таштандыларды белгиленген аянтчаларга төкпөстөн, көчөгө таштагандарга 1000(миң) сомдон , чоң суунун жээгине таштаган айыл тургундарына 5000(беш миң) сомдон айып пул төлөтүлсүн .
3. Жайлоолордо чоң суунун жээгине таштандыларды ,койлордун кыркылган жүндөрүн тазалабастан таштаган чабандарга 5000(беш миң) сомдон айып пул салынсын
4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге таштанды төгүлүүчү жерлерге атайын табличкаларды илдирүү жана айып пулдун өлчөмү жазылган атайын эскертүүлөрдү орноттуруу жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Курткаев |