Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 24/6
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин жана А. Жалпетеков атындагы орто мектептин пайдаланылбай калган эски терезелерин пайдаланууга алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш айылындагы ҮДТ № 7 имаратынын абалын жакшыртуу максатында Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин пайдалылбай калган эски терезесинен 15(он беш) даанасы, Орток айылындагы А. Жалпетеков атындагы орто мектебинин пайдаланылбай калган эски терезесинен 10(он) даанасы айнектери менен Мантыш айылындагы ҮДТ № 7 терезелерин жаңыртуу үчүн берилсин.
2. Калган эски терезелер мектеп жамаатынын ичинен түзүлгөн комиссия менен бирдикте баасы аныкталып ,сатуудан түшкөн каражат мектептин өз керектөөсүнө жумшалсын .
3. Бул токтомду аткаруу жагы мектеп директорлору Б. Байгазиевге жана Ж. Мусаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнун башчысы, башкы эсепчи К. Темиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Курткаев |