Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 24/7
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын 2015-жылы жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы чабандардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
2015-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары боюнча талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачылар 2015-жылдын 20-апрелинен тартып алыскы жайыттарга көчүү жагы каралсын.
2. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 20-апрелден башталсын , малды корукка жайгандарга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 20(жыйырма) сомдон, 1( бир) бодого – 100 (бир жүз) сомдон белгиленсин.
3. Күзүндө жайлоодон 5-октябрдан эрте түшкөн малга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 50(элүү) сомдон, 1( бир) бодого – 500(беш жүз) сомдон белгиленип мал баккан бадачыга салынары эскертилсин.
4. 2015-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Кой козу башына 25 сомдон;
Эчки улак башына 30 сомдон;
Уй, торпок башына 200 сомдон ( саандарына мал ээси менен чабандын макулдашуусу)
Жылкы, тай башына 200 сомдон ( саандарына жана мингичтерине мал ээси менен чабандын макулдашуусу)
5. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Курткаев |