Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-майы № 3
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «dobolu. naryn-region. kg» веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ибраимакун уулу Жанышбекке жүктөлсүн.
Төрага | К.Исаков |