Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-майы №2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн жоболору тууралуу» 17-март 2014-жылындагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 токтомдорунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Экономист-статист кызматын киргизүү туралуу айыл аймагынын башчысы Ж Ибраимакун уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүү киргизилип, Экономист-статист штаты жана ага каралуучу чыгымдардын 2015жылдын 7 айына жана 2016-жылга сметасы бекитилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен жана Улуттук статистика комитетинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Ж. Ибраимакун уулуна жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Исаков |