ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 4
Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 12.03.2015-жылындагы № 09/1272 катында көрсөтүлгөн сунушту кароо жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 12.03.2015-жылдагы № 091272 катында көрсөтүлгөн сунушту карап жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүгүнкү күндө айыл тургундары пайдаланып жаткан айыл чарба жерлерин көпчүлүгү жана жайыт аянттары Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын биринчи кезекте курулуучу объектилерин куруу үчүн 215 га үлүш жерлери кетип жатканына байланыштуу жер аянттары азайып, айылдардын тургундары тарабынан айыл чарба иштерин жүргүзүүдө көйгөйлөр пайда болуп жаткандыгына байланыштуу сунушта көрсөтүлгөн базалык ставкалар өзгөртүлбөстөн мурункудай калтырылсын.
2. Бул токтомду тиешелүү органдарга жеткирүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Э Турганбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Исаков |