Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  21- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 21-апрели № 3     

Дөбөлү  айыл  аймагындагы  Дөбөлү   айыл  тургундарынын   үлүш жерлерине  корукчуга  төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө

Дөбөлү  айыл  аймагындагы  Дөбөлү  айыл  тургундарынын   үлүш жерлерине  корукчуга  төлөнүүчү акыны бекитүү боюнча элдин  сунушунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Дөбөлү  айыл  аймагынын   Дөбөлү  айылынын   айыл  тургундарынын    улуш  жер ээлери  корукчуга   коруп  бергендиги  үчүн  төмөндөгүдөй   акы  бекитилсин.

-  Дөбөлү  айыл  аймагындагы   Дөбөлү  айылындагы  айыл  тургундарынын  үлүш жер  ээлери,     1 га  үлуш  жерине  ай сайын 60 (алтымыш) сом;

2.  Дөбөлү  айыл  аймагында  Дөбөлү  айылында 1-майдан  1-октябрга чейин  «Бада»(кесүү)  уюштурулсун.

3.  Кесүү  убагында  малдар  корук  жерлерге  түшкөн  болсо  айыбы  төмөндөгүдөй  болуп  бекитилсин.

-  1 (бир)  уй,  жылкыга, эшек  100 (жүз) сом;

- 1 (бир) музоого, кулунга  30 (отуз) сом.

4. Өз  кезеги  келген кесүүчү эрте мененки саат 6:00дон кечки  саат 20:00го  чейин   корукка  уйларды  түшүргөн  болсо,  ар  бир  уйга  100 (жүз)  сомдон айыбын төлөп, уй  ээсине чыгарып берилсин.

5. Дөбөлү айылынын  айыл  тургундарынын  үлүш  жерлерин  1-майдан – 1-октябрга чейин Көк-Өй  участкасына  М. Жунусов, Өрдөш  участкасына  М. Усубакунов,  Ак-Там  участкасына  Б. Баатаев,   Куу-Дөнгөч участкасына  К. Сейдилдаев жоопкерчилик  менен  коруп  берүү  жагы милдеттендирилсин.

6. Бул  токтомдун  аткарылышынын камсыз  кылуу  жана  көзөмөлдөө  жагы Дөбөлү айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  жер адиси  Б Токталиевке  тапшырылсын.

 

 

     Төрага

К.Исаков