Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 8
Айыл тургундарына Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү справкалардан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылы берилүүчү справкалардан алынуучу мамлекеттик пошлиналарды бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан 2015- жылы берилүүчү төмөндөгү справкаларга женилдиктер берилсин жана мамлекеттик пошлина толоодон женилдиктер берилсин жана бошотулсун.
-Аскер комиссариатына берилуучу справкаларга;
- пособие чектөө боюнча соц жардамга берилген справкаларга;
- паспорт алууга берилген справкаларга;
- Укук коргоо органдарына берилуучу справкаларга;
- пособие, пенсия алууга берилген ишеним кат үчүн;
2. Томондогу берилген справкаларга, мамлекеттик пошлина алынсын.
- Ар кандай кредит беруучу мекемелерге жана башка мекемелерге берилген справкалардын баардык туруно - 5 сомдон.
- Мал сатууга берилүүчү справкаларга:
Майда жандык кой-эчкиге берилүүчү справкага – 10 сомдон;
Ири мүйүздү малдарга жана жылкыларга берилүүчү справкага – 50 сомдон
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөт башчы Ибраимакун уулу Жанышбекке тапшырылсын.
Төрага | К.Исаков |