Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-январы № 3
Дөбөлү айыл округунун 2015-жылдын башына өз эсебинде калган атайын акча каражатына смета бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына өз эсебине калган атайын эсептеги акча каражатынан смета бекитүү боюнча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ибраимакун уулу Жанышбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын башына айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинде калган атайын эсептеги акча каражатынын сметасы киреше жана чыгаша болугу 21500 сом болуп бекитилсин. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
Статья 22181100 - тамак-аш алууга
"Бала нур" балдар бакчасы - 12500сом
"Аруу тилек" балдар бакчасы – 9000 сом
Жалпы сумма 21500 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына,туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К.Исаков
|