Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 19/6
А. Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинин мугалимдер жамаатынын чогулушунун токтомун кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арзымкан Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинде жарыяланган конкурста Зарылбек Арзыгуловдун «Мектебим» аттуу ыры конкурстун жеңүүчүсү деп табылгандыгы жөнүндө А.Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинин мугалимдеринин жалпы чогулушунун токтому менен таанышып, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылынын ардагери Арзыгулов Зарылбек тарабынан иштелип чыккан «Мектебим» аттуу ыры А.Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинин «Гимни» болуп кабыл алынсын.
2. Бул ыр мектептин окуучуларынын күндөлүгүндө жазылып, ар бир окуучуга жатка үйрөтүү жана мектептин киреберишине жаздырып илдирүү жагы мектептин администрациясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Букамбаев
|