СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2015-жылдын 6-февралы № 19/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга тазалык жыйындан жеӊилдиктерди берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек, Кара-Тоо айылдарында жашаган социалдык жактан коргоого муктаж, окаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой, кары-картаӊ болгон түтүн ээлерин тазалык жыйындан бошотуу жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б.Көбөновдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 4-пункутчасынын негизинде, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагы боюнча социалдык жактан коргоого муктаж окаты начар, багаар көрөөрү жок, жалгыз бой, кары-картаӊ аттуулдардын тизмесине ылайык 48 түтүн 2015-жылга пландалып жаткан тазалык жыйынынан бошотулсун.
2. Айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлеринен алынуучу тазалык жыйым 30 (отуз) сом өлчомүндө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев
|