Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 18
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.О.Шермамбетовко жүктөлсүн.
Төрага | Кубат уулу Мирлис
|