Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 3
Ак-Чий айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун Мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Ак-Чий айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Ак-Чий айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагындагы айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ак-Чий веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын конторолдоо Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улакбаев Адаматага жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Макеев
|