ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2015-жылдын 5-февралы № 17/2
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарынан 2014-жыл ичинде пайдаланылбай калган каражаттары жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Ташматовдун билдирүүсүн, айылдык Кеңештин финансы иштери боюнча комитеттин төрагасы РКалыкбердиевдин, депутаттар Т.Кубаитов жана Д.Абдраимовдун сунуштарын угуп жана талкуулап“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20,31 статьяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү 2014-жыл ичинде пайдаланылбай калган 196500-00 сом каражат 2015-жылы төмөндөгү тартипте жумшалсын:
70111 аппараттын 2211 “Жол кире чыгымдар үчүн” 15,0 миң сом
2214 “Транспорт чыгым” 5,0 миң сом
22153100 “Кызматчылардын билимин жогорулатууга” 3,5 миң сом
22154900 “Ар кандай чыгымдарга” 73,0 миң сом
мунун ичинен - Чоң-Туз таза суусу үчүн 30,0 миң сом
- Туз айылынын көпүросүн оңдоо үчүн 10,0 миң сом
- Ара-Көл көпүрөсүнө 8,0 миң сом
- Ара-Көл мектебинин кошумча корпусунун үстүн оңдоого 32,0 миң сом
- Молдо Кылыч айылындагы ФАПтын терезе каалгасына 38,0 миң сом
- Калганы кесиптик майрам,даталуу күндөрдү белгилеп,спорттук жана
башка мелдеш, олимпиадаларды колдоо, муктаждарга жардам жана
ошондой эле аппараттын мындан башка дагы ар түрдүү чыгымдарын жабууга.
БААРДЫК ЧЫГЫМ: 196,5 миң сом
2. Бөлүнгөн каражаттардын пайдаланышы 2015-жылдын 20-июнуна чейин ишке ашырышсын.
3. Бул каражаттарды өз максатында пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Акматов
|