Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/3         

 Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарынан 2013-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинде пайдаланылбай калган каражатты кайра бөлүштүрүү  жөнүндө

     Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20,31 статьяларына ылайык  Депутаттардын Чолпон   айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебинде 2014-жылы пайдаланылбай калган 2300-00 сом 2015-жылдын биринчи кварталында аппараттын 22154900 “Ар кандай чыгымдар” статьясына кагаз,карандаш ж.б. канцелярдык товарды алуу үчүн жумшалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.

 

        Төрага

Б. Акматов