Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 17/4
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын 02.02.2015-жылдагы “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуу жөнүндөгү чогулушунун токтомун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 25.04.2008-жылдагы № 65 мыйзамынын 2- бөлүмүнүн 12-беренесинин талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуп берүү жөнүндөгү суроо-талаптары канааттандырылсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
Төрага | Б. Акматов
|