Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 17/6
Эпкин айылынын “Корумду” ИСКАКБсынын төрагасы А.Асакеевдин кайрылуусу жөнүндө
Эпкин айылындагы “Корумду” ИСКАКБСнын төрагасы А.Асакеевдин, “А.Мааткеримов” атындагы Эпкин орто мектебине ичүүчү таза суу киргизилип, мектеп окуучулары,мектеп ашканасы пайдаланып жаткандыгын, суу үчүн акча төлөөгө мектептин мүмкүнчүлүгү жок экендигин,ошондуктан мектептин окуучулары пайдаланган ичүүчү таза суу үчүн окуу жылынын 8 (сегиз) айы үчүн ай сайын 500-00 (беш жүз) сомдон айыл өкмөттүн эсебинен акча которуп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “А.Мааткеримов” атындагы Эпкин орто мектеби пайдаланган ичүүчү таза суу үчүн окуу жылынын 8 (сегиз) айы үчүн ай сайын “Корумду” ИСКАКБСнын эсебине
500-00 (беш жүз) сомдон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго тапшырылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мөөнөтүнөн кечиктирбей “Корумду” ИСКАКБСнын эсебине которуп туруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Акматов
|