Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/2
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарынын 2013 -жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-30 -статьяларына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана бюджетинин аткарылышы киреше боюнча 34299897 (отуз төрт миллион эки жүз токсон тогуз миң сегиз жүз токсон жети ) сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмү 34341999 (отуз төрт миллион үч жүз кырк бир миң тогуз жүз токсон тогуз) сом көлөмүндө бекитилсин.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|