Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/3
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн бюджетин жана 2016-2017 жылдардын чыгымдарынын долбоорун кароо жана бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Ташматовдун жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча комитетинин төрагасы Калыкбердиев Рахатттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүмүнө жана 31-беренесинин 2- бөлүмүнө ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше бөлүмү 9216,4 миң сом, анын ичинен:
| Салыктын туру | Суммасы |
| Бирдиктуу салык | 5,0 миң сом |
| Эркин патент | 137,0 миң сом |
| Киреше салыгы | 1240,0 миң сом |
| Кыймылсыз мулкко салык | 8,0 миң сом |
| Транспорт салыгы | 340,0 миң сом |
| Жер салыгы физикалык жактан | 225,0 миң сом |
| Жер салыгы юридикалык жактан | 473,3 миң сом |
| Айыл чарба эмес багыттагы жер салыгы | 58,0 миң сом |
| ФПС жеринин толому | 32,0 миң сом |
| Тазалык жыйымы | 32,3 миң сом |
| Гос.пошлина | 25,0 миң сом |
| Сатуудан тушчу салык | 170,0 миң сом |
| Рояльти | 15,0 миң сом |
| Административдик штраф | 6,5 миң сом |
| Спец.средства | 338,5 миң сом |
| Жергиликтүү киреше | 3105,6 миң сом |
| Теңдештирүү грант | 6110,8 миң сом |
Чыгаша бөлүмү: 9216,4 миң сом , анын ичинен:
2111 Эмгек акыга 5462,6 мин сом
2121 Камсыздандыруу взносуна 854,1 мин сом
2211 Жол кире үчүн 40,0 мин сом
2214 Транспорт үчүн 66,0 мин сом
2215 Ар кандай чыгым 30,0 миң сом
2218 Азык-тулук алууга 248,4 мин сом
2224 Көмүр алууга 436,8 миң сом
2232 Электр энергиясы учун 1706,8 мин сом
Атайын каражат 338,5 мин сом
өлчөмүндө аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн иш алып баруусунда 2015-жыл ичинде жетишпей турган
Эмгек акы үчүн 250,0 мин сом
Электр энергиясы үчүн 413,0 мин сом
Ар кандай чыгымдар 137,0 мин сом
ЖАЛПЫСЫНАН: 800,0 (сегиз жүз миң) сомдук каражат тендештирүү грант түрүндө кошумча бөлүнүшү Кочкор райондук финансы бөлүмү аркылуу Финансы Министрлигинен суралсын.
3. 2016-жыл үчүн бюджеттин долбоору 9404,8 миң сом, 2017-жыл үчүн 9680,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго, башкы эсепчи Ш.Ташматовго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|