Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/7
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Эпкин” айылындагы”Корумду” ИСКАКБнын иши боюнча Эпкин айылынын тургундарынын арызын кароо жана 2015-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Эпкин айылынын «Корумду» ИСКАКБсынын торагасы Асакеев Айбектин билдируусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Эпкин” айылынын жалпы тургундарынын 06.02.2015-жылдагы жалпы чогулушунун токтомун эске алуу менен ичүүчү таза сууга болгон тариф жан башына төлөө 15-00 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Эпкин айылынын «Корумду» ИСКАКБсынын 2015-жылга бюджети 117365-00 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|