Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/9
Туз айылынын жаштарынын «Айылыбызды аракечтиктен тазалайбыз» аттуу жаштардын демилгеси жөнүндө
Туз айылынын жаштарынын арызы боюнча № 4152 шайлоо округунан депутат Кыйсаев Сьездбекдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Туз айылынын жаштарынын «Айылыбызды аракечтиктен тазалайбыз» аттуу жаштардын демилгеси толугу менен колдоого алынсын.
2. Туз айылынын жаштарынын «Айылыбызды аракечтиктен тазалайбыз» аттуу демилгеси айыл өкмөттүн аймагындагы башка айылдарга жайылтууга тиешелүү иш аракеттер көрүлсүн.
3. Туз айылындагы ичкилик ичимдиктерин саткан соода түйүндөрүнө ичкилик ичимдиктерин эртең мененки саат 10-00 дөн, кечки саат 17-00 гө чейинки убакытта гана сатууга уруксаат берилген чектөө киргизилсин.
4. Бул чектөөлөрдү аткарбаган соода түйүндөрүнүн ээлерине 1000-00 (бир миң) сом өлчөмүндө айып пул (штраф) салына тургандыгы эскертилсин.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|