Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/10
Чолпон айылдык клубуна “музыкант” штатын ачтыруу жөнүндө
Депутаттардын Чолпон Тайыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты, Чолпон айылдык клубунун көркөм жетекчиси Ч.Сыдыкованын клубдун талапка ылайык иш алып баруусуна музыканттык штаттын зарылчылыгы болуп жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык клубуна “музыкант” штаттык бирдиги зарыл экендиги белгиленсин.
2. Чолпон айылдык клубуна “музыкант” штаттык бирдигин ачып берүү жагы Кочкор районунун Финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. “Музыканттык” штат бирдигин ачуу үчүн тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|