ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 17-июну № 20/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Омүрбековдун, эсепчиси А.Капасовдун “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга кабыл алынган бюджетине өзгөртүүлөрдү-толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. АРИСтин “ПРЖР №1 проектиси” ишке ашырылып жаткандыгына байланыштуу элдик салыкты чогултууга карата мал башына алынуучу жайыт акысы майда малга (кой, эчки) мал башына 5(беш) сомдон, бодо малга (уй, жылкы) мал башына 25-00 (жыйырма беш) сомдон кошулуп, кой-эчкиге 17-00 (он жети) сом, уй жылкыга 85-00 (сексен беш) сом, торпоктор үчүн 60 -00 (алтымыш) сом жайыт акысы бекитилсин.
2. Мал башына алынуучу жайыт акысы жогорулагандыгына байланыштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015- жылга карата кабыл алынган бюджетине өзгөртүүлөр киргизилип, жалпы бюджети 1020000(бир миллион жыйырма миң) сом бекитилсин.
3. Айыл өкмөттүн аймагында тартип бузууларга жол берген айрым атуулдарга укуктук жактан баа берип, административдик чара колдонууга комиссия курамын бекитип, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Букаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жапаров
|