Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 17/2
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылына китепкана жана байланыш бөлүмүн куруу жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылына китепкана жана байланыш бөлүмүн куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300,0 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү пайдаланып, курулушту бүткөрүү Өзгөрүш айылынын айыл башчысы Т Курманбаевке милдеттендирилсин.
3. Атайын түзүлгөн смета расходдун негизинде акчаны которуп берүү Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н Боогачиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Молоев
|