Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 18/2
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 6221,0 сом менен бекитилсин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
- теңдештирилген грант- 4949,2 сом
- доход - 1271,8 сом
-Баары - 6221,0
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
- аппаратка 4236,1 сом
- маданиятка 514,9 сом
- билим берүүгө 1470 сом
- Баары -6221,0
2 Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылда бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын
3. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги бюджет 75,0 сом менен бекитилсин жана чогулган ата-энелер взносун өз убагында счетко төгүү боюнча бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин
4. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогулган акча каражаттын чогулушу жана төгүлүшү айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Дайыргазы уулу Нурланга тапшырылсын.
5. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түуз чыгымдалсын жана аны көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н Боогачиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Молоев
|