ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXVI чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 19/1
Өзгөрүш айылындагы “Таш-Кыя” учаскасындагы “Асанкары”, Таш-Кыя” дыйкан чарбаларынын сарайдан алган үлүштөрүн бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айылындагы “ Асанкары”, “ Таш-Кыя” дыйкан чарбаларынын 2001-жыл 3-майдагы №2 биргелешкен токтомунун негизинде “Таш-Кыя” учаскасындагы азыркы учурда Исмаилов Алмазбек жашап турган сарайдагы үлүштөрү үлүш ээлерине жеке менчигине бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык менчик, жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н Алакуновко тапшырылсын.
Төрага | Ж. Молоев
|