Редакцияот 14.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин  №ХI сессиясы

 

2014-жылдын 14-майы № XI/1                                             

Жаңы – Талап айыл аймагынын карыялар кеңешинин 2012-2013-жылга карата аткарган иши жөнүндө

КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2012-2013 – жылга карата Жаңы-Талап айыл аймагынын карыялар кеңешинин аткарган ишин угуп жана талкуулап Жаңы –Талап айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Талап айыл аймагынын Карыялар кеңешинин 2012-2013-жылга карата аткарган иши эң жакшы деп табылсын.

2. Карыялар кеңешинин жана коомдук уюмдар менен мындан ары тыгыз байланышта иштешүү жагы Жаңы – Талап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын социалдык маселелер боюнча комитетине милдеттендирилсин.

 

  Төрага

Д. Казаков