ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин №ХI сессиясы
2014-жылдын 14-майы № XI/2
Жаңы – Талап айыл аймагынын аксакалдар сотунун 2012-2013-жылга карата аткарган иши жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2012-2013 – жылга карата Жаңы-Талап айыл аймагынын аксакалдар сотунун аткарган ишин угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагынын Аксакалдар сотунун 2012-2013-жылга карата аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы – Талап айыл аймагынын аксакалдар сотунун жаны курамы элдик жыйын менен бекитилсин
3. Жаңы – Талап айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамын элдик жыйынга алып чыгуу жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Д. Казаков
|