Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № XI/4
Жаңы – Талап айыл аймагынын ден соолук 2012-2013-жылга карата аткарган иши жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2012-2013 – жылга карата Жаңы-Талап айыл аймагынын ден соолук комитетинин аткарган ишин угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагынын Ден соолук комитетинин 2012-2013-жылга карата аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы–Талап айыл аймагындагы айылдык мончонун тегерегин жашылдандыруу, бак – дарактардын көчөтүн отургузуу жагы Ден соолук комитетинин башчысы Т.Кадыровага тапшырылсын
3. Ден-соолук комитетинин кийим тигүүчү машинкаларын иштетүү үчүн Жаңы –Талап айылдык маданият үйүнүн артындагы бөлмөнү бөлүунү карап чыгып, чечүү жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын социалдык маселелер боюнча комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|