Сравнение редакций…
КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1999-жылдын 7-июлу № 65
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 9, 320-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 11-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү ", нотариустун жардамчысы кайталап экзамен тапшырбайт" деген сөздөр алынсын.
2. 12-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жеке нотариалдык кеңселердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен" деген сөздөр алынсын.
3. 104-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Төмөнкүлөр:
-"Мамлекеттик нотариат жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13 санына тиркеме);
-"Мамлекеттик нотариат жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13, 76-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1999-жылдын 21-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |