ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин № ХI сессиясы
2014-жылдын 14-майы № XI/7
Жаңы – Талап айыл аймагындагы Р.Сейдахматова көчөсүнө трансформатор орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө
КР «Жер боюнча кодексине» ылайык Жаңы – Талап айыл аймагынын Р.Сейдахматова көчөсүнө трансформатор орнотууга жер бөлүп берүү боюнча Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановдун сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагынын Р.Сейдахматова көчөсүнө трансформатор орнотууга 25 м2 жер бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы – Талап айыл аймагынын Р.Сейдахматова көчөсүнө трансформатор орнотууга жерди мыйзамдаштыруу жагы Жаңы-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси Э.Кулубаевке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|