Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № XI/10
Жаңы – Талап айыл аймагында ФАПтын имаратын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына жана КР Жер кодексине ылайык Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановдун сунушун угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагындагы Байланыш бөлүмчөсүнүн имаратынын артындагы муниципалдык жерден ФАПтын имаратын курууга 0,30га жер бөлүнүп берилсин
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы Ак – Талаа райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан, кыймылсыз мүлккө болгон жеке менчик укугун Ак – Талаа райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|