Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-майы № XII/11
Калктын пайдалануудан чыккан катуу калдык таштандыларына таштоого жер бөлүп берүү жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына жана КР Жер кодексине ылайык Калктын пайдалануудан чыккан катуу таштанды калдыктарын таштоого жер бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановдун сунушун эске алып Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын тазалыгын сактоо жана санитариялык гигиеналык талаптарды сактоо максатында айыл калкынын пайдалануудан чыккан катуу таштанды калдыктарын таштоого Таш-Дөбө учаксткасынын эски өлүк өрттөгөн аянтынан 20 сотый жер бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жана көзөмөлдөө жагы Ак – Талаа райондук экология бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Жаңы – Талап айыл өкмөтүнүн коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Э.Кулубаевге милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|