Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-сентябры № XII/1
Куртка айылдык жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2014-жылга Куртка айылдык жамаатын юридикалык каттоого алуу жонундо Жаны – Талап айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы У.Жусупановдун сунушун угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагынын «Куртка айылдык жамааты» төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык кеңештеги каттоо № 1
Уюштуруу укуктук формасы: Жамаат
Менчик түрү: жеке
Юридикалык дареги: Жаңы – Талап айыл аймагы, Ак – Талаа району.
Жамааттын жетекчиси: Турдалиева Гулнара
2. Ак–Талаа райондук улуттук статистика комитетинин код ОКПО белгилөө менен каттоодон өткөн кийин жана бирикменин юридикалык каттоодон кийин күбөлүк берүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Ниязакуновго тапшырылсын,
3. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруусу Жаңы – Талап айыл аймагындагы Куртка айылдык жамаатына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|