ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин № ХII сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № XII/2
2014-жылга Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Бердикеев Нааматбайдын жылдык отчету жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2014-жылга Жаңы – Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Бердикеев Нааматбайдын жылдык отчетун угуп жана талкуулап Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси Н.Бердикеевдин 2014-жылга аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү салык төлөмдөрүн 25-ноябрга чейин аткаруу жагы салык боюнча адис Н.Бердикеевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагын Айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|