ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жаңы-Талап айылдык Кеңешинин № ХII сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № XII/3
Бөбөк-Тай бала бакчасынын ремонт иштерин өткөрүүдө технадзордун кызмат акысына акча каржатын кароо жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен Жаңы – Талап айыл аймагындагы Бөбөк-Тай бала бакчасынын ремонт иштерин өткөрүүдө технадзордун кызмат акысына акча каражатын кароо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Жусупжановдун сунушун эске алып Жаңы – Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014 – жылга жергиликтүү бюджеттин акча каражаты айылдын Ген.планын чийдирүүгө жумшалып бош акча каражаты калбагандыгына байланыштуу 1648000 сомдун 2 % технадзордун кызматына акча каражаты каралбасын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын ФЭБ башчысы Л. Дуйшенбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Казаков
|